Ирландиянын борбору Дублин шаарында бүгүн Европа менен Борбор Азия өлкөлөрүнө жайылып бараткан СПИД маселесине арналган эки күндүк эл аралык конференция аяктады. Конференцияда кабыл алынган чечимге ылайык, 2005-жылдын аягына чейин региондо жашаган баңгилердин 80 пайызына медициналык жардам көрсөтүлүүгө тийиш жана СПИДке каршы дарыларды кеминде 100 миң адам алат.