АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд бүгүн Ташкенге келди. Эки жылдын ичинде бул Рамсфелддин Өзбекстанга жасаган үчүнчү визити. Президент Ислам Каримов менен жолугуп, Рамсфелд эки өлкө ортосундагы мамилелерди, Борбор Азиядагы коопсуздук маселелерин жана кошуна Ооганстандагы абалды талкуулады. Нью-Йоркто жайгашкан "Хьюман райтс вотч" аттуу адам укуктарын коргогон уюм Рамсфелдке кайрылып, жолугушуу учурунда адам укуктары менен байланышкан маселелердин козголушун дагы талап кылды.