ЖАЛАЛАБАД. Жырткыч айбандар былтыр 176 баш мал менен 1152 кой, эчкиге, 275 жылкы жана 35 баш эшеке зыян келтирген. Аңчылык аймактарда 126 карышкыр жана 92 чөө бар экендиги эсепке алынган. Жырткычтардын айынан жазында элик, кийик, кашкулак, суур, доңуз сыяктуу жаныбарлардын катары суюлуп, канаттуулардын азайуусу ыктымал. Облустук аңчылык ресурстарды коргоо башкармасы Сарыбек Бочоевдин билдирүүсүнө караганда, жырткычтарга каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн 35 бригаданын ок-дарысы, техникасы менен күйүүчү майы жетишсиз. Мергенчилер да атылган жырткычтар үчүн берилүүчү сыйлыктын көлөмүнө нааразы.
Кабарларды Азиза Турдуева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты
Редактор-Бүбүкан Досалиева
Кабарларды Азиза Турдуева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты
Редактор-Бүбүкан Досалиева