БАТКЕН. Арызданган аксакалдар тобун баштаган Исмаил Матраимовдун билдиргенине караганда, 1999-жылы Зардалы аймагына өздөрүн "Өзбекстан ислам кыймылы" атаган куралчан топ кол салганда бул аймактагы Шудман жана Коргон айылдарындагы жайлоого чыккан элдин баары ылдый түшүрүлгөн. Ал эми кароосуз калган үй-жайларды жоочулар, алардан калганын кыргыз аскерлери каалагандай талкалап, жыгачтарын отун катары пайдаланышкан. Бул окуядан соң жергиликтүү бийлик атайын комиссия түзгөн. Комиссия эки айылдан баардыгы болуп 67 үй бузулуп, эл 12 млн. 783 миң 900 сом чыгымга кириптер болгонун аныктаган жана бул акчаны өкмөт төлөп берери айтылган. Бирок, андан бери 4 жылдан ашуун убакыт өтсө да эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Алар облус бийлигине бул маселени чечүүнү тездетүүнү жана аталган айылдарга кайрадан барып жашап, жерлерин иштетүүгө уруксат берүүнү өтүнүштү.