Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:01

Ф.Куловду колдоо боюнча митинг март айына жылдырылды


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын учурда камакта жаткан төрагасы Феликс Куловду коргоо боюнча митинг 31–мартта өтөт. Бул жөнүндө бүгүн Феликс Куловду коргоо боюнча республикалык штабдан кабарлашты. Буга чейин Куловдун бошотулушун талап кылган митингди өткөрүү 25-февралга белгиленген болчу. Нааразылык акциянын 31-мартка жылдырылышы Куловдун жер-жерлердеги тарапкерлеринин өтүнүчтөрүнө байланыштуу болду. Куловдун жактоочулары аны бошотуу боюнча митинг республикалык деңгээлде өтүшү керек деп сунушташкан. «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов 2001-жылдын январь айынан тарта камакта жатат. Үстүбүздөгү жылдын 27-январында Бишкекте бир катар саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын демилгеси менен Феликс Куловдун сот иши боюнча коомдук угуу өткөн.

XS
SM
MD
LG