Рамсфелддин Борбор Азиядагы мамлекеттерге келиши – Кошмо Штаттарынын бул аймактагы мамлекеттер менен аскердик байланышты чыңдоого дилгир экенин көрсөттү. Казакстандын тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Астана шаарында Доналд Рамсфелд Казакстандын өкмөт башчысы Даниял Ахметов, коргоо министри Мухтар Алтынбаев жана тышкы иштер министри Касымжоомарт Токаев менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн америка-казак мамилелери жана аймактагы, өзгөчө, Ооганстандагы кырдаал түздү.
– Жолугушууда биз Казакстандын эгемендигин жана көз карандысыздыгын чыңдоодогу Американын колдоосу жана аскердик күчтөр жаатындагы маанилүү мамилелерибиз тууралуу пикир алмаштык, - деди Рамсфелд.
Казакстан террорго каршы согуштун алкагында айрым аэропортторун АКШ баштаган күчтөргө кыйчалыш кырдаалдарда пайдаланууга, зарыл учурларда учактарга май куюп алууга берген. Кошмо Штаттары болсо 1992-жылдан бери бул өлкөнүн аскердик тармагына жана совет бийлигинен калган өзөктүк куралдарды чыгаруунун жана сыноонун кесепеттерин жойууга 200 миллиондой доллар каражат бөлгөн. АКШ менен кызматташтыктан Казакстан дагы өзүнө пайда алууда. Алсак, Борбор Азия мамлекеттери арасынан Казакстандын гана аскерлери согуштан кийинки Ирактагы абалды оңдоого кол кабыш кылышты. Казакстандын террорго каршы күрөштөгү орду тууралуу Доналд Рамсфелд мактоо сөзүн айтты:
- Казакстан террорго каршы күрөштө маанилүү орун ээледи жана Ирак маселесинде өтө пайдалуу кызмат көрсөттү. Мен ырахмат айтайын, биздин баабызды жеткирейин деген максатта атайын келдим.
АКШнын коргоо министри Казакстандын жетекчилигинен НАТО менен кызматташууга жакшылап көңүл бурууну өтүндү:
– Биз Казакстан менен НАТОнун ортосундагы тынчтык үчүн кызматташтык программасы тууралуу пикир алмаштык. Биздин оюбузча, бул - манилүү маселе. Биз Казакстан элинин келечеги үчүн кызмат кылуучу достук мамилелерибиз үчүн ыраазыбыз.
Өткөн жылдын сентябрында АКШ менен Казакстан беш жылдык мөөнөттөгү келишимге кол коюшкан. Казакстандын коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, анын алкагында Кошмо Штаттары Казакстанга тик учактарды жана учактарды берет. Эки тараптуу кызматташуунун алкагында Казакстандын аскерлери террорго каршы күрөш боюнча машыгуулардан да өтмөкчү.
Казакстан - Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна да мүчө. Анын алкагында түндүктөгү күчтүү коңшусу Орусия менен да аскердик-саясий мамилелерин чыңдап келатат.
Доналд Рамсфелддин Казакстанга сапары бүгүн эле карыды, эртең ал Ооганстанда сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү.