Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:53

«ШВЕДТЕЛ» МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮ ТОКТОТУЛДУ


Сапар Орозбаков, Бишкек «Кыргызтелекомдун» мамлекетке тиешелүү акцияларынын 51% сатуу боюнча өткөн жылы июнь айында тендер өткөрүлгөн болчу. Тендерде жеңүүчү деп Швециянын «Шведтел» компаниясы табылган. Аны менен узакка созулган сүйлөшүүлөр жыйынтык бербеген соң тендердик комиссия андан баш тартып, тендерде экинчи орунду алган «Ростелеком» менен сүйлөшүүлөрдү баштоону чечти.

Бул тууралуу бизге Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин басма сөз кызматы маалымдады:

- Кыргызтелеком» акционердик коомун менчиктеширүү боюнча «Шведтел» менен мамилелерди токтоттук. Дүйшөмбү, 23-февралда «Кыргызтелекомдун» тендерине катышууга кааларын, же каалабасын ырастоосун сурап «Ростелеком» компаниясына расмий кат жөнөттүк, – деди комитеттин маалымат кызматынын жетекчиси Татьяна Наговицина.

«Кыргызтелеком» акционердик коомунун 51% акциясын сатуу боюнча тендер өткөн жылдын 15-июнунда эле өткөрүлгөн болчу. Анда биринчи орунду бул 51% акцияга 15,6 млн. доллар берээрин билдирген «Шведтел», экинчи орунду 15,3 млн. доллар көрсөткөн «Ростелеком», үчүнчү орунду 12,5 млн. долларга алам деген Түркиянын «Глобал Коммуникейшн» компаниясы ээлешкен. Тендердин эрежеси боюнча тендердик комиссия бул биринчи орунду алган компания менен «Кыргызтелекомду» сатуунун конкреттүү шарттары боюнча макулдашмак. Айтылгандардан көрүнүп тургандай тендердик комиссия «Шведтел» менен 7 ай бою сүйлөшүү жүргүзүп, тил табыша алган эмес. "Кайсы маселелер боюнча тараптар бир пикирге келе албай койду" деген суроого Татьяна Наговицина:

- «Кыргызтелекомдун» өнүгүүсүнүн планы боюнча көз караштарды жакындата албай койдук. Шведдер сунуш кылган акчаны төлөө мөөнөтү да бизге ылайык келбеди. Ошондой эле тариф саясаты боюнча пикир келишпестик болду, - деген жооп узатты.

Тендерди өткөрүүдөгү бул түзүлгөн кырдаалга баа берүүнү сурап депутат Темир Сариевге кайрылганыбызда, ал тендердин узакка созулуп кетиши мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин белгиледи:

- Эки-үч маселе орчундуу болуп эсептелет. Биринчиден, «Кыргызтелеком» мамлекеттин кепилдиги менен бир топ кредит алган. Ал кредиттер өлкөдөгү телекоммуникацияны өнүктүрүү үчүн пайдаланылган. Эгерде жаңы компания келип, ошону улантып кетсе, анда өлкө үчүн жакшы болот. Эгерде, ал «биз акча бөлбөйбүз десе», анда биз убакыттан уттурабыз. Андан тышкары ага эксклюзивдүү укуктар берилет. Аны колдонуу боюнча кошумча сүйлөшүү жүргүзүү керек.

Депутат Темир Сариевдин ою боюнча, Кыргызстан үчүн «Шведтелге» караганда «Ростелекомдун» бир топ артыкчылыктары бар:

- Орусиянын телекоммуникациясы абдан натыйжалуу өнүгүп келе жаткан тармак. Анын үстүндө булардын тажрыйбасы да чоң. «Шведтел» кичинекей эле компания. «Ростелеком» жер жүзүнүн 1/6 бөлүгүн камтыган чоң компания. Бир гана жери–«анын жаңы технологиясы жок» деши мүмкүн. Менин оюмча, ал боюнча деле «Ростелеком» артта калган жок.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин маалымат кызматынын түшүндүрүүсү боюнча, «Ростелеком» менен сүйлөшүүлөр канчага созулаарын азырынча эч ким айта албайт. Эгерде «Ростелеком» менен сүйлөшүүлөр натыйжа бербесе, тендердик комиссия 3-орунду алган «Глобал Коммуникейшн» менен сүйлөшүүлөрдү баштайт. Эгерде, ал да жыйынтыкка алып келбесе, анда жаңы тендер өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG