Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Таласта көз карандысыз радио ачуу аракети көрүлө баштады


ТАЛАС. ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы иштери боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү Адаш Токтосунованын катышуусу менен 25-февраль күнү Таласта өкмөттүк эмес уюмдардын жана жамааттардын мультимедия борборун ачуу маселесине арналган жыйын болду. Ага катышкан коомдук фонддордун, бирикмелердин, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер көз карандысыз радио ачуунун аракети буга чейин Таласта көрүлбөгөндүгүн айтышты жана бул максатты ишке ашыруу үчүн курамы 5 адамдан турган жумушчу топ түзүлдү. Алгачкы бир-эки жылда ЮНЕСКОнун каржылоосу менен иштөөчү радио андан ары өзүн-өзү каржылоо ыкмасы менен иш жүргүзүп кетиши керек. Комиссиянын мүчөлөрү жыйын болор алдында бул маселени облустук бийликтин жетекчилерине да билдирип, алардын колдоосун алышкан.

Кабарларды Азиза Турдуева, Айданбек Акмат уулу жана дубандардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор - Бүбүкан Досалиева

XS
SM
MD
LG