Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:10

«Акыйкаттык» уюму адам укугунун абалына нааразы

ЖАЛАЛАБАД. Уюмдун директору Валерий Улеевдин билдирүүсү боюнча, облуста адам укугунун абалы канаттандырарлык эмес. Мыйзамдуулук ички иштер уюмдары тарабынан көп бузулат. Уюмга түшкөн арыздын негизинде 30-январда облустук ички иштер башкармасы диний баракча таратты деген шек менен кармалган 6 адамга ыдык көрсөтүшү боюнча кылмыш иши козголгон. Базаркоргондо сүлгү уурдады деп кармалган кызга зомбулук кылган тартип сакчыларынын ишин териштирүү улантылууда. Жалалабад шаардык ички иштер бөлүмүндө убактылуу кармалган адам уруп-согулганын билдирген. Ушундан улам уюм адам укугун чагылдырган макалаларга сынак жарыялады.
Куржундар
XS
SM
MD
LG