Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:26

Эларалык каржы уюмдарынын өкүлдөрү Кыргызстанда


БИШКЕК. Бүгүн өкмөт үйүндө премьер-министр Николай Танаев Эларалык валюта корунун миссиясынын башчысы Тапио Саавалайненди кабыл алды. Анда Кыргызстандагы учурдагы социалдык-экономикалык кырдаал талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Ал эми Эларалык валюта кору менен Кыргызстан 2001-жылдын 6-декабрында түзгөн үч жылдык программанын аткарылышын иликтөө боюнча миссия март айынын аягында келет. Бул программанын алкагында валюта кору Кыргызстанга 110 миллион доллар насыя бөлүү тууралуу чечим кабыл алган. Ушул эле күнү президенттик администрациянын башчысы Тойчубек Касымов Дүйнөлүк банктын Роланд Кларк жетектеген миссиясын кабыл алды. Анда мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо маселеси каралды.

XS
SM
MD
LG