Линктер

жума, 26-май, 2017 Бишкек убактысы 09:47

ЕККУну тынчсыздандырган маселелер


БИШКЕК. Кыргызстандын түштүк райондорундагы чегара маселелери, бул аймактагы диний кыймылдар жана суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануудагы пикир келишпестиктер Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги кеңсесин тынчсыздандырууда. Бул тууралуу аталган кеңсенин жетекчиси Маркус Мюллер 24-февралда парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев менен болгон жолугушуусунда билдирди. Палатанын маалымат кызматынан бүгүн кабарлашкандай, бул маселелер ЕККУнун Борбор Азия өлкөлөрүндөгү өкүлчүлүктөрүнүн 3-мартта Ташкенде боло турган жыйынында каралат.

XS
SM
MD
LG