Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:29

17-мартта Аксыда митинг өтүшү ыктымал


БИШКЕК. Аксы окуясында жабыр тарткандарды коргоо комитети жана Аксыдагы «Энелер» коому 17-мартта акимчиликтин алдында митинг өткөрүүгө уруксат берүүнү өтүнгөн катты райондун акими Абдымалик Эгембердиевге жолдошту. Буга 2002-жылдын 17-мартында болгон Аксы окуясында каза болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарынын аталган комитетке кайрылып, 17-мартта Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү митингисин өткөрүүнү өтүнүшкөндөрү себеп болду. Бул тууралуу бүгүн Кербенден - Аксы окуясында жабыр тарткандарды коргоо комитетинен «Азаттыкка» маалымдашты. Ал эми Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин Аксыдагы бөлүмүнүн өкүлү Токтогул Теңирбердиевдин маалыматы боюнча, Аксы районунун администрациясы «Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндөгү» мыйзамдын 20-беренесин аткарбай жатат. Буга райондук администрация жетекчилеринин райондук маданият үйүнүн директору Чыныбек Дербишевди сынга алышкандыгы далил. Райондук жетекчилик аны ушул жылдын 24-февралында райондук маданият үйүндө Мыйзам чыгаруу жыйынынын Аксыдан шайланган депутаты Азимбек Бекназаровго өз шайлоочулары менен жолугушуу өткөрүүгө уруксат бергени үчүн сынга алышкан.

XS
SM
MD
LG