Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Билим берүүнүн сапаты жакшыртылат


БИШКЕК. Билим берүү министрлигинин алдына 2004-жылы коюлган башкы милдет - билим берүүнүн сапатын жогорулатуу. Бул жөнүндө бүгүн Билим берүү министрлигинин коллегиясында маалымдалды. Билим берүү министри Ишенгүл Болжурованын айтымында, мындан ары Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын жер-жерлердеги филиалдарын кыскартуу улантылат. Андан тышкары сырттан окуган студенттердин саны да кыскартылат. Алардын саны азыр 40 миңге жакын. 2003-жылы Кыргызстан боюнча жогорку окуу жайлардын жер-жерлердеги 55 филиалы жабылган. Бүгүнкү күндө республика боюнча дагы 10го жакын филиал жабылат. Кыргызстанда 47 жогорку окуу жайы бар. Алардын ичинен 14ү мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлары.

XS
SM
MD
LG