Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:33

Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы АКШнын көзү менен


АКШ өкмөтүнүн иликтөөлөрү көргөзгөндөй, былтыр Кыргызстандагы адам укуктары канааттандырарлык абалда болбой, айрым багыттарда мурдагыдан да начарлап кеткен. Шаршембиде жарыяланган мамлекеттик департаменттин жылдык докладында Кыргызстандын коопсуздук күчтөрү дале болсо абакка түшкөн адамдарга карата күч колдонуп, ырасмий айып тагылбаган кишилерди камакка алуу фактылары азайбаганы айтылат. АКШ Конгрессинин мандаты боюнча даярдалган ал баяндамада кыргыз бийликтери өлкөдөгү юридикалык системага кысым көрсөтүүнү улантып, натыйжада катардагы атуулдардын өз укуктарын коргоо мүмкүндүгү чектелип, оппозициячыл саясатчылар жабыр тартып жатканы баяндалган. Вашингтондун иликтөөсүнө ылайык, Кыргызстанда көз карандысыз басмакана жана телестанциянын иштей башташына уруксат берилгени менен, кыргыз өкмөтү сөз эркиндигин чектөө аракеттерин токтоткон жок.

XS
SM
MD
LG