Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:48

«Камкор» камсыздоо рыногунун 50 % ээлейт


БИШКЕК. Кыргызстандагы камсыздоочу «Камкор» компаниясына 7 миңге чукул жеке адам жана 350гө жакын юридикалык тараптар акционер. Компания өлкөнүн жалпы камсыздоо рыногунун 50 пайызын түзөт. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда компания башкармалыгынын башчысы Александр Богданов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылдарга салыштырмалуу компаниянын акционерлери көбөйдү. Муну компания калк өз каражатын үнөмдөөгө аракеттенип жатат деп баалоодо. Компаниядагы чет өлкөлүк жана жергиликтүү кардарлар тарабынан салынган камсыздоо төлөмдөрүнүн жалпы көлөмү 64 миллион сомду түзөт. Фирма камсыздоо төлөмдөрүнүн эсебинен өткөн жылы 1 миллион сом пайда тапкан. Кардарлардын басымдуу бөлүгүн пенсия курагындагы атуулдар түзөт. Кыргызстанда учурда 16 камсыздоо компаниясы иш жүргүзөт жана алардын басымдуу бөлүгү чет өлкөлүк колдоочу программаларга таянышат.

XS
SM
MD
LG