Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

УСАМА БИН ЛАДЕН КАРМАЛА ЭЛЕК


Нарын АЙЫП, Прага 24-февралда Пакистандын коопсуздук кызматы ири аскерий операция жасап, ооган чек арасына жакын жерде жыйырмага жакын шектүү адамды кармады. Кээ бир гезиттердин жазышынча, бул чабуул учурунда "ал-Каида" террордук уюмунун жетекчиси Усама бин Ладен дагы кармалыш керек болчу, бирок андай болгон жок.

Улуу Британиянын "Санди экспресс" аттуу гезити өткөн жекшемби күнү жазып чыкканга караганда, Усама бин Ладен кайда экендигин америкалык жана британиялык тыңчылар аныктап, Пакистан менен Ооганстан ортосундагы чек арада 16 чарчы чакырым аймакты белгилеген. Шейшемби күнү болсо Пакистандын куралдуу күчтөрү чек арадагы Вазиристан аймагына ири чабуул жүргүзүп, жыйырмага жакын адамды камакка алды, алардын кээ бирлери чет өлкөлүк жарандар, бирок Усама бин Ладен кармалганы тууралуу кабар азырынча жок.

Лондондогу Стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти Кристофер Лэнгтондун айтымында, эгер бин Ладен кайда экенин коопсуздук кызматы так билсе, аны элге жарыялабай эле тез кармаш керек болчу:

- Эгер алардын колуна Усама бин Ладен кайда экени тууралуу так эмес болсо дагы, кандайдыр бир болжолдуу маалымат тийсе дагы, ал тууралуу эч кимге айтпастан, аны дароо кармаш керек болчу. Элге андай маалымат чыгып кеткенден кийин, аны кармоо эми кыйын болот. Менин оюмча, бул маалыматтын таратылганы - жөн гана АКШдагы президенттик шайлоо алдында америкалыктар Ооганстанда кызуу аракеттенип жатат деген максатты көздөгөн жана аны менен пакистандыктарга да кандайдыр бир колдоо көрсөтүлгөн.

Британиянын атактуу "Жейнс" изилдөө тобунун эксперти Ричард Эванстын айтымында, Усама бин Ладен мына кармалат деген маалыматтар мурда деле бир нече жолу таратылган:

Ооганстанда башталган антитеррордук аракеттер учурунда, 2001-жылдын аягында Усама бин Ладен Тора-Бора аймагында курчоого алынды деген кабар тараган. Бир нече күнгө уланган салгылашуудан кийин аскерлер ал жерге жеткенде, ал качып кеткен болуп чыккан. Андан кийин бир нече ай бою бин Ладен Пакистандын түндүк-батыш аймактарында жашынууда деген кабарлар айтылган жана ал өзүнүн ченелүү сандагы жардамчылары менен ар башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сатып алып, улам жер которуп жүрөт деп кабарланган. Пакистандык жана америкалык аскерлер аны тапкан сайын, ал улам качып кетүүдө. Ошондуктан акыркы маалыматтарга ишенүү кыйын, анткени анын чыккан булагы да так айтылбайт.

Пакистандын ички иштер министри Файсал Салех Хаяттын айтымында болсо, Усама бин Ладенди чек арада кимдир бирөөлөр жакында көргөн:

Айман ал-Завари менен Усама бин Ладен тууралуу акыркы кабарларга караганда, алар аталган жерде болгон жана аларды көрүшкөн. Бирок бул кабарлар негизинен болжолдоолорго гана негизделген. Ооган-пакистан чек арасы абдан тоолуу жана үңкүрлүү аймак, ал жерде "ал-Каиданын" жогорку жетекчилери жашынып жатканы толук ыктымал. Биздин оюбузча, Усама бин Ладен жана анын жакындары азыр Ооганстанда.

Анткен менен Ооганстандагы америкалык аскерлердин өкүлү Брайан Хилфертинин айтымында, бин Ладен кайда экенин алар билсе, аскерлер аны дароо кармамак. Бирок дагы бир өкүл Мат Бииверстин пикиринде, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Усама бин Ладен кармалат.

XS
SM
MD
LG