Түштүк Корея, Орусия жана Кытай ырасмий Пхеньянга жаңы сунуш жолдошту. Ага ылайык эгерде Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк программасынан баш тартса, анда бул үч өлкө ага отун-кубат боюнча жардам бермекчи. Бул тууралуу Түштүк Кореянын өкүлү Ли-Со Хүк бүгүн Бээжинде билдирди. Анын айтымында, Түндүк Корея азырынча бул сунушка жооп бере элек.
Бээжинде алты өлкөнүн – АКШ, Түндүк Корея, Түштүк Корея, Орусия, Кытай жана Жапониянын өкүлдөрү кризисти чечүүнүн жолдорун чогуу талкуулап жатат.
Вашингтон Пхеньянды өзөктүк бомбаны тымызан жасап жатат деп келет.