Бүгүн Македониянын президенти Борис Трайковскийдин учагы Босниянын түштүгүндө учуп бараткан кезде кыйрады. Босниянын мусулман-хорват федерациясынын ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Недзад Вейзагичтин айтымында, президент түшкөн чакан учактын калдыктар табылды. Учактагы адамдардан эч ким аман калган жок. Кырсыктын себептери такталып жатат.
Европа мамлекеттеринин башчылары македон элине өлкө президенти Борис Трайковскийдин кайгылуу өлүмүнө байланыштуу көңүл айтышууда. Европа биримдигинин жетекчилери Романо Проди менен Хавьер Солананын пикиринде, Трайковский Македониянын Европа менен кызматташуусуна өзгөчө салым кошкон.
Маалыматка караганда, Македон президенти түшкөн учак Столач шаарынын жанындагы тоолуу аймакта калың туманга кабылып, кыйроого учураган. Трайковский - Балкан аймагына жардам көрсөтүү маселеси боюнча Мостар шаарында өтө турган донорлордун жыйынына катышуу үчүн македониялык делегацияны жетектеп бараткан.