Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:44

ОРУС ТИЛЧИЛЕРИНИН ЖУРНАЛЫ, КОШМО ШТАТТАРДЫН ЖАРДАМЫ, ТОКТОП ТУРГАН ЗАВОДДОР


Орус тилчилердин эларалык конгресси башталаарга чукул 45 жылдан бери чыгып келаткан “Орус тили жана адабияты Кыргызстандын мектептеринде” журналынын мааракеси белгиленди. Парламент тарабынан кабыл алынган мамлекеттик тил мыйзамынын айланасындагы талаш дагы эле уланууда. Кошмо Штаттар Борбор Азия мамлекеттеринде демократияны байралтууга өткөн жылы канча акча жумшады? Республикадагы ири заводдордун абалы кандай? Булар гезиттердеги макалалардык кыскача мазмуну.

“Орус тили жана адабияты Кыргызстандын мектептеринде” илимий-усулдук журналынын 45 жылдыгына арналган макалалар бейшембидеги “Слово Кыргызстана”, “МСН”, “Вечерний Бишкек” гезиттеринде жарыяланды. Журналдын башкы редактору Лев Шеймандын маеги “МСН” гезитине чыкты. Анын айтуусунда, 2 кызматкердин аракети менен 8,5 басма табак көлөмүндө жыл сайын журналдын төрт саны чыгат. Лев Шейман орус-кыргыз сөзү бири экинчисин басынтпай, алгоолошуп, ичара ынтымакта алдыга умтулушу зарыл деп эсептейт.

Гезиттин жаңы санында банкротко кабылган банктардын ишин жүргүзүүгө дайындалган атайын администраторлордун өздөрүнө арбын маяна коюп, аманатчылардын акчасын кайтарбай жатышканы тууралуу Алексей Вершининдин макаласы жарыяланган. Маселен, “Курулуш”, “Бишкек”, “Инсан” банктарына дайындалган атайын администратордун айлык маянасы 80 миң сомду түзсө, экинчи бир администратор айына 100 миң сомдон маяна алып турган. “Ач бала ток баланы түшүнбөйт”. Өткөн жылы эле Улуттук банкта иштегендердин айлык маянасы 2,5 эсеге көбөйүп, бир жылга бир адамга 507 миң сомго жетти»-деп жазат макала автору. Аманатчылар болсо банкка салган акчасын кайтарып ала албай жүрүшөт.

Кош тилдүүлүк проблемасын бейшембидеги “Трибуна” гезитинде Р.Жанбалаев козгогон. Автордун айтуусунда, мамлекеттик тил мыйзамын катаң сынга алып жаткандар тарыхый мекенине көчүп барганда тил мыйзамынын айынан жер которгонун шылтоо кылгысы келгендер. Бирок мындайлар республика калкынын 11% түзгөн орустардын арасында аз.

Бейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезити Кыргызстандын аскерий заводдордун оор ахывалы тууралуу Г.Луневанын макаласын жарыялады. «Ири ишканалардын үмүт арткан тилеги Орусиялык аскерий заводдор менен биргелешип иштөөгө өтүүсү, андан кечиксе заводдордун болочогу арсар болуп калат”-деп белгилейт гезит автору.

Мамлекеттик баалуу кагаздар агенттигинин жетекчиси Уран Абдынасыров өкмөт “Кумтөралтын” кенин биргелешип иштетүү амалында канадалык компания менен инвестициялык келишим түзгөнү пайдалуу болду деп эсептейт. Анын айтуусунда, канадалык “Центерра голд инк” компаниясынын капиталы 350 миллион доллар, анын 113 миллиону Кыргызстанга тиешелүү. Жаңы компания акцияларын сатыкка чыгарып капиталын миллиард долларга жеткирип алса Кыргызстан алчу пайда да көбөйөт. Басылмада “Жерүй” алтынын казып алуу проблемасына арналган макалага да орун берилген.

Борбор Азия республикаларында демократиянын байралышына кызыкдар АКШ өткөн жылы 300 миллион ашуун доллар жардам иретинде бөлгөнүн, анын 54 миллиону демократия үчүн деп берилгенин бейшембидеги “Вечерний Бишкек” жазды. Жардам акчанын көбү Өзбекстан менен Казакстанга берилет.

Бейшембиде “Сенатор плюс” коомдук-саясий гезитинин биринчи саны жарык көрдү. Жаңы басылмада Кыргызстанда тез-тез алмашып турчу өкмөт тууралуу Шекербек Калыковдун макаласы жарыяланган. Автордун пикиринде, өкмөттө ушу тапта вицелер көп. Алардын бир орундан экинчисине жылдырылышынан эч кандай өзгөрүү болбойт.

Эмки кеп жума күнү чыгуучу басылмалар тууралуу. “Аалам” гезитинде жарыяланчу урунт материалдар тууралуу басылманын башкы редактор орунбасары Кенжебек Арыкбаев айтып бермекчи:

- “Аалам” гезитинин жаңы санында Орусиядагы президенттик шайлоо алдындагы саясий жагдайды баяндаган Дыйканбек Садык уулунун “Путин шах” деген макаласы басууга даярдалууда. Ошондой эле “Каршы, калыс” деген темада мамлекеттик тил мыйзамын кабыл алууда депутаттардын кимиси кандай добуш бергенин көрсөткөн тизмени жарыялап жатабыз. Гезитте Карабалта тоо-кен комбинатындагы абалды баяндаган макалага да орун берилди.

Ал эми “Кыргыз руху” гезитинде жарыяланчу материалдар тууралуу башкы редактордун орунбасары Калил Жамгырчиев буларды билдирди:

- “Кыргыз руху” гезитинин даярдалып жаткан санында “Башаламандыктын башаты кайда?” деген саясий аналитикалык макала жарыяланууда. Ошондой эле “Өлгөн чындык жөнүндө сөз” деген проблемалуу макала чыгат. Басылмабызда киши жалдап өлтүрүү жөнүндө макала жарыяланууда.

“Бишкек таймс” гезитинин башкы редакторунун орунбасары Эмилбек Момунов:

- Гезитибиздин жаңы санында “Көкбөрүгө алынган тил” деген аталышта парламент кабылдаган мамлекеттик тил мыйзамынын айланасында жүрүп аткан талаш тууралуу макала жарык көрүүдө. Баткен облусундагы кабарчыбыз Махабат Абдылдаева “Азабы арбын Аксай” деген макаласында Баткен облусунун эли Төрткүл суу сактагычындагы сууну ичүүгө мажбур болуп, тажик анклавдарынан өтүүдө оор кыйынчылыктарга кабылып жатканын баяндайт. Дагы бир кабарчыбыз Көл кылаасында болуп, ал жердеги жол боюндагы дарактардын кыйылышы тууралуу макала жазып келген.
XS
SM
MD
LG