Кайчы пикирлерди жараткан кинонун өзөгүн Иса пайгамбарды ким өлтүрдү деген суроо түзөт. Жаңы фильм АКШнын 3 миңдей кинотеатрында христиандардын апрель айынын он биринде белгиленүүчү Пасха майрамын утурлай 25-февралдан тартып көргөзүлө баштады. Бирок Инжилде айтылгандар эң туура чечмеленди делген фильмди сындап жаткандар да бир топ. Алар өзгөчө жөөттөрдүн Иса пайгамбардын крестке керилип өлтүрүлүшүндөгү ролу кандайча берилгенине басым жасашып, Мел Гибсондун бул киносу жөөттөргө каршы маанайды азыркыдан да күчөтөөрүн белгилешүүдө.
Өзү христианчылыктын католик багытын карманган Мел Гибсон болсо антисемитизм жөнүндөгү дооматтарды такай четке кагып келе жатат. Автордун айтымында анын фильми болгону Иса пайгамбардын өмүрүнүн акыркы он эки саатын адилет чагылдырат:
- Мен адамдар тарыхтагы чындыкты түшүнүшүн каалайм. Алар муну тажрыйба аркылуу алышын каалайм. Мен аларга сезүүнү каалайм.
Киного каршы пикир айтып жаткандардын көз карашында, Иса пайгамбарды өлүмгө буюруган деп эсептелген римдик өкүмдар Понтий Пилат фильмде жөөттөрдүн көрсөтмөсү менен иш кылган адам, ал эми Иерусалим шаарынын жөөт тургундары - Иса пайгамбардын өлүмүнүн артында турган негизги күч катары көргөзүлүп калган. АКШдагы Жөөт комитетинин Нью-Йорктогу бөлүмүнүн башчысы Рабби Девид Росин мындай дейт:
-Орто кылымдардагы кыйноо оюндары жөөттөргө каршы маанайды, кай бир учурда адамдарды жөөттөргө каршы үрөй учурчу нерселерге барууга шыктандырган негизги булак болгон. Эгер текст азыр көргөзүлгөндөй мүнөздө болсо адамдарды экинчи бир жамаатка зыян алып келгидей кадамга түртүшү мүмкүн. Бул анын артында турган жамаатты тынчызданткан маселе болушу керек.
Ал эми Жорж Вашингтон атындагы университеттин профессору, маданият жана дин маселелери боюнча адис Лио Рибуффо жогорудагыдай ырастоолорго кошулбайт:
- Анда айрым коркунучтуу нерселер бар, бирок ал Инжилди окугандан да коркунучтуу эмес.
Фильмдин зордук-зомбулукту, кыйноону чагылдырган жерлери өспүрүмдөрдүн аң-сезимине терс таасир этет деп эсептелгендиктен 17 жаштан төмөнкү курактагы балдар аны ата-энесинин же башка улуу адамдардын коштоосунда гана көрө алышат.
Бирок ал кандай болгон күндө кеткен чыгымды актап, театрлардын кассаларын каражатка карк кылчыдай. Кино көрсөтүлгөнгө чейин эле 10 миллион долларга билет сатылган. Адистер анын алгачкы беш күндөгү эле кирешеси 40 миллион долларга жетет деп болжолдошот. Ал эми режиссер Мел Гибсон фильмди тартууга 25 миллион доллар чыгымдаптыр. "Исанын кыйналуусу" фильми АКШдан соң жакында Европада да көргөзүлмөкчү. Азыр эски континентте жөөтөргө каршы маанай жогору экени белгилүү.