Түндүк Корея “Вашингтон өзүнүн касташуу саясатын токтотмоюнча Пхеньян өзөктүк куралдар программасын андан ары өнүктүрө берет” деп билдирди. Түндүк Кореянын Бээжиндеги элчиси Чое Жин Су Кытайдын башкалаасында өтүп жаткан Пхеньяндын өзөктүк программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөрдө Вашингтондун катаал позициясынан улам алдыга жылыш болгон жок деп маалымдады. Ошол эле маалда АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Бээжиндеги сүйлөшүүдө мурда убада кылынган өнүгүү байкалууда деп билдирди. Пхеньяндын тегерегиндеги жагдайды талкуулап жаткан Түндүк Корея, Түштүк Корея, Орусия, Кытай, Жапония жана АКШнын делегациялары өз жыйынын бүгүн улантышат.