Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:28

Македония аза күтүүдө


Авиакырсыктан каза тапкан Македония президентинин өлүмүнө байланыштуу европалык лидерлер терең кайгысын билдирүүдө. Бейшембиде кырсыкка учураган учакта каза тапкан Македониянын президенти Борис Трайковскийдин өлүмү македондуктарды жана Европа лидерлерин терең кайгыга салды. Соңку кабарларга караганда, Трайковскийди жана дагы 8 кишини салып бараткан учак конооруна аз калганда аба кызматтарынын көзөмөлүнөн чыгып кетип, аздан соң тоолуу аймакта отко оролуп кыйраган. Кырсыктын себептери катары жердеги миналар, жаан-чачын аралаш калың булут каптаган аба ырайы жоромолдонуп жатат. Македониянын президенти Босниядагы Мостар шаарында өтүп жаткан инвестициялык жыйынга катышууга бараткан. НАТО жетектеген Босниядагы туруктуулук күчтөрү түн бою кырсыкка учураган учактын калдыктарын издөө иштерин токтотушкан жок. Европа Комиссиясынын президенти Романо Проди македон лидеринин өлүмүн бүткүл Балкан чөлкөмү үчүн кайгылуу окуя деп атады.

XS
SM
MD
LG