Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:18

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫ МАМДЕПТИН КӨЗҮ МЕНЕН


Баян Жумакадыр кызы, Прага 25-февралда АКШнын мамдепартаменти Кыргызстандагы адам укуктарынын ахвалы боюнча жылдык баяндамасын жарыялады. Анда Кошмо Штаттардын жетекчилиги Кыргызстанда 2003-жылы орун алган укук бузууларга дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурат.

Мамдепартаменттин отчетунда айтылгандай, Конституция боюнча Кыргызстан демократиялык республика деп аныкталганы менен президент Аскар Акаев өкмөттө үстөмдүк кылып келатат. 2000-жылдагы президенттик жана парламенттик шайлоо 2003-жылдын февраль айында Конституция боюнча өткөрүлгөн жалпы улуттук референдум олуттуу укук бузуулар менен коштолду. Конституциянын реформасы президенттин бийлигин күчтөндүрүп, парламент менен Коституциялык сотту чабалдатты.

Конституциясы сот системасынын көз карандысыз болуусун кепилдейт, бирок иш жүзүндө сот системасында аткаруучу бийлик үстөмдүк кылып, өкмөт аны көп учурда саясий оппозицияга жана көз карандысыз маалымат каражаттарына каршы пайдаланды.

АКШнын мамдепартаментинин айтымында, өкмөттүн адам укуктары жаатындагы аракеттери натыйжасыз болуп, ахвал айрым жерлерде бир аз оңолгону менен негизинен начарлады. Жарандардын өкмөттү алмаштыруу укугу кескин чектелип, демократиялык институттар чабал бойдон кала берди. Коопсуздук мекемелеринин кызматкерлери кишилерди сабап, зомбулук көрсөткөн учурлар болду. Түрмөлөрдөгү ахвал бир аз жакшырганы менен негизинен начар бойдон калды.

Мамдепартаменттин айтымында, Конституциянын жаңы редакциясы боюнча маалымат каражаттарындагы цензурага тыйуу салынган. Бирок өткөн жылдын ичинде бийликтер эркин маалымат каражаттарынын ишине кийлигишүүнү улантышты.

Чет элдик маалымат каражаттарына, анын катарында, Би Би Си, Ассошейтед Пресс, Ажанс Франс Пресс негизинен эркин иштөөгө мүмкүнчүлүк алышты. Ошентсе да "Азаттык" Радиосунун демонстрациялардан кабар берген айрым кабарчылары куугунтукка алынып, кыска мөөнөткө кармалгандыгын белгиледи. Россиянын "Российская Газета" жана "Комсомольская Правда" гезиттери негизинен эркин иштегенге мүмкүндүк алышты. Ошону менен бирге отчетто "Моя Столица- Новости", "Агым" сыяктуу бир катар көз каранды эмес басылмалар жана алардын кызматкерлери кысмакталып, кугуунтук жегени айтылат.

Документте ошондой эле бийликтер өкмөттүк эмес уюмдардын жана укук коргоочулардын иштерине кийлигишип, аларды кысмактап жатканы, ал эми Адам укуктарын коргоо боюнча кыргыз комититетинин башчысы Рамазан Дырылдаев куугунтуктоого байланыштуу чет өлкөдө баш калкалаганга мажбур болуп жатканы белгиленет.

Отчетто өкмөт адамдардын дин тутуу укугун негизинен сактаганы менен, экстремисттик деп эсептеген диний топтордун ишине чектөө койгондугу айтылат.

Документте өлкөнүн өкмөт башчысы, бир катар министрлери менен алардын орун басарлары, жогорку соттун төрагасы, парламенттин 19 депутаты улуттук азчылыктардын өкүлдөрү экени белгиленген. Ошентсе да аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу бийлик бутактарында улуттук азчылыктардын өкүлдөрү дагы эле аз.

Мамдепартаменттин өтчетунда Кыргыз омбудсменинин ишине оң баа берилип, ал жөнөкөй жарандардын укуктарын коргоо менен бирге эле жаза өтөө жайларынын реформасына олуттуу салым кошуп жаткандыгы айтылат.

Отчетто жумушсуздук проблемасына, аялдар менен балдардын басмырланып жатканына, жумурияттын баардык чөлкөмдөрүндө олуттуу маселе болуп калган адам аткезчилигине кеңири орун берилет. Отчетто киши соодасына мамлекеттик кызматтагы адамдар көмөктөшүп, атүгүл ага катышкан учурлар бар экени маалымдалат.

АКШын мамдепартаментинин отчету кыргыз коомчулугунда түрдүү пикирлерди жаратты. Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев:

- Жакынкы айтылган сын пикирлер туралуу мен айтат элем жергиликтүү кырдаалды билбестиктен, көп түшүнбөстүктөн да болуп кеткен материалдар да бар экен. Мен ойлойт элем биздин парламент дагы, биздин аткаруучу бийликтин өкүлдөрү дагы, президент администрациясы дагы буга толугу менен кошулбайт. Себеби жакынкы арада эле конституциялык өзгөрүүлөр болду, биздин Конституцияда баары тең так жазылган. Конституциянын жаңы редакциясы боюнча президенттин буга чейинки бир топ укуктары парламентке, өкмөткө өткөрүлүп берилген. Мен ойлойт элем, бул демократиянын жолундагы жакшы көрсөткүчтөр деп.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Оксана Малеванная башкача пикирин билдирет:

- Отчеттун Конституциялык реформа бийликтердин тең салмагын камсыз кыла алган жок деген жерлери менен толук макулмун. Конституциянын жаңы редакциясынын кабыл алынышы менен парламент чабалдады. Соттор баштагыдай эле эле аткаруучу бийликке көз каранды. Бул - талашсыз нерсе.

XS
SM
MD
LG