НАРЫН. Облуста жумушсуздарын саны 2002-жылга салыштырганда 18 пайызга жогорулады. Мындай маалыматты профсоюздардын Нарын облустук кеңешинин төрагасы Аманатбек Молдалиев 27-февралда болуп өткөн облустук профсоюздар кеңешинин төртүнчү пленумунда билдирди. Төраганын айтымында, иштегендердин кызыкчылыгын жана укуктарын коргоону камсыздоодо жылыштар болгону менен, жалпысынан жумушсуздук өсүп, эмгек акы кечигип төлөнүп, эмгекти коргоо эрежелери сакталбай жатат. Социалдык кызматташуу боюнча келишимдер жана макулдашуулар түзүлбөгөн. Облустагы 2015 ишкана, мекеменин 698 гана толук иштегендиктен, негизги 10 тармактын кызматкерлери минималдуу керектөө бюджеттин деңгээлинде эмгек акы ала алышпайт.