Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Жаза өтөө жайларында жарык өчүрүү токтотулду


БИШКЕК. Кыргызстандагы жаза өтөө жайларында электр кубатын өчүрүүлөр токтотулду. Бул тууралуу бүгүн юстиция министрлигинин алдындагы жазаны аткаруу боюнча башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти. Аталган башкармалыктын электр жарыгы үчүн болгон карызы толугу менен төлөндү. Карыздын көлөмү 7 млн. 570 миң сомду түзгөн. Соңку эки апта бою республикадагы жаза өтөө жайларында жарык өчүрүлүп турду. Бирок бул жайларда нааразылык акциялары же болбосо кандайдыр бир чыр-чатактар орун алган жок. 25-февралда жаза өтөө жайларындагы электрди өчүрүүнү токтотуу өтүнүчү менен “Өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюм” ассоциациясы премьер-министр Николай Танаевге, президенттин энергетикалык коопсуздук маселелери боюнча атайын өкүлү Жантөрө Сатыбалдиевге кайрылган.

XS
SM
MD
LG