БИШКЕК. Кыргызстанда мындан ары мамлекет тарабынан социалдык жеңилдиктер Улуу ата мекендик согуштун учурунда орукта калып иштегендер үчүн да көрсөтүлөт. Кыргызстанда бул категориядагы адамдардын саны бүгүнкү күндө 106 миңге жакын. Бирок, мындай иш-чаралар быйыл ишке кирээри тууралуу азырынча так маалыматтар жок. Республиканын эмгек жана социалдык жактан коргоо министринин орун басары Өктамхан Абдуллаеванын маалыматы боюнча, өлкөдө социалдык жеңилдиктерди көрсөтүү үчүн бюджеттен жылына 475 млн. сом бөлүнөт. Бүгүнкү күндө өлкөдө 30га жакын категориялар боюнча социалдык жеңилдиктер көрсөтүлөт. Маселен, республиканын калкынын 22 пайызына жакынына электр жкубаты үчүн төлөмдөр боюнча жеңилдиктер берилет. Учурда кирешеси 350 сомдон төмөн үй-бүлөлөр үчүн жөлөк пулдар каралган. Ал эми электр кубаты кымбаттасы, анда кирешеси 450 сомдон төмөн үй-бүлөлөргө жөлөк пул төлөнө баштайт. Жөлөк пулдун орточо көлөмү 350 сомду түзөт.