Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:09

17-мартта митинг өткөрүүгө уруксат берилген жок

БИШКЕК. Бишкектеги Биринчимай райондук админстрациясы бир катар саясий партиялардын Аксы окуясында каза болгондорду эскерүү минтингин 17-мартта өткөрүү тууралуу кайрылуусуна уруксат берүүдөн баш тартты. Аталган райондук администрациянын башчысы Марс Саккараевдин маалыматына караганда, партия өкүлдөрү өз арыздарында митингди уюштуруучулардын аты-жөнүн жана митингди өткөрүүнүн маршруттарын так аныктабай койгондуктан аларга уруксат берилген жок. Мындан бир нече күн илгери «Кайран эл», «Эркин Кыргызстан» жана «Асаба» партиялары 17-мартта Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Аксы окуясында каза болгондорду эскерүү митингин өткөрүүгө уруксат сурап, Бишкек шаарынын мэрине жана Биринчи май райондук администрация башчысына кайрылышкан. 2002-жылдын 17-мартында Жалалабад облусунун Аксы районунда милиция кызматкерлери менен карапайым элдин кагылышуусу болуп, милиция кызматкерлеринин огунан беш адам каза болгон.
Куржундар
XS
SM
MD
LG