Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:10

ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ПРОГРАММАСЫНЫН АТКАРЫЛЫШЫ КОРКУНУЧТА


Сапар Орозбаков, Бишкек Бейшемби күнү Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Крис Лавлейс жана GSAC программасынын жетекчиси Роланд Кларк журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, өкмөт жана парламент тез аранын ичинде чара көрбөсө GSAC программасынын аткарылышы үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн деп билдиришти.

Программанын жетекчиси Роланд Кларктын айтымында, программанын шарттары боюнча кыргыз өкмөтү «Мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө», «Мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери тууралуу декларация толтуруу жөнүндө» жана «Эсептөө палатасы жөнүндө» мыйзамдарды кабыл алууга тийиш болчу. Бирок ал мыйзамдардын долбоорлору ушу убакка чейин Жогорку Кеңешке жөнөтүлө элек:

- Бул мыйзамдардын алга жылышы боюнча бизде тынчыздануу бар. Биздин оюбузча, өкмөт бул мыйзамдар эмне үчүн зарыл экендиги жөнүндө эл жана парламенттин мүчөлөрү арасында иш жүргүзүүсү керек, - деди Роланд Кларк.

3 жылга эсептелген GSAC программасы өткөн жылы ишке киргизилген болчу. Программанын максаты өлкөнүн башкаруу системасын азыркы талапка ылайык кылып реформалап чыгуу жана мамлекеттик аппараттын ишинин коомчулук үчүн ачыктыгын камсыз кылуу болуп эсептелет. Программага 20 млн. доллар бөлүнгөн. Бул акчалар өлкөнүн бюджетинин тартыштыгын жабуу үчүн пайдаланмакчы. Кыргызстан анын 5 млн. долларын өткөн жылы алып пайдаланып койгон. Быйыл программанын биринчи жылына белгиленген иш-чаралардын аткарылышына карап экинчи транш берилмек. Дүйнөлүк банктын кызматкерлери эгерде бул программаны өкмөт ийгиликтүү ишке ашырса өлкөнүн мамлекеттик аппараты КМШ өлкөлөрүнүн ичинде эң натыйжалуу иштеген мамлекеттик аппарат болуп каларын айтышат:

- Эгерде Кыргызстан 3 транштын шарттарынын баарын тең аткарса ал КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттик башкаруу сисемасын реформалоо боюнча лидер болуп калат. Кыргыз республикасынын президенти быйылкы жылды адилет башкаруу жылы деп жарыялаганына байланыштуу биз программанын шарттарын аткарууга баардык аракеттер жасалат деп ойлойбуз, - деди Крис Лавлейс.

Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнүн айтуусу боюнча, аталган 3 мыйзам үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында кабыл алынышы керек болчу. Ошондуктан март айында өкмөт ал мыйзамдардын долбоорлорун Жогорку Кеңешке жөнөтпөсө, кеч болуп калышы мүмкүн.

Бул мыйзамдар кабыл алынса өкмөт мүчөлөрү мурдагыдай каалагандай басып-тура албай калышат. Жок дегенде аларга коомчулуктун көзөмөлү күчөп,алардын өзүм билемдигине бир аз болсо да чек коюлат. Ошондуктан “өкмөт мүчөлөрү алардын кабыл алынышын атайын создуктуруп жаткан жокпу?” деген суроо туулбай койбойт. Бирок өкмөт башчынын аппараты бул шектенүүнү таптакыр четке какты. Премьердин өзүнүн айтуусу боюнча, программада белгиленген башка иш-чаралар аткарылып коюлду:

- 3 эле мыйзам калды. Иш жүзүндө биз калгандарын аткардык, - дейт Николай Танаев.

Өкмөт аппаратынан алынган маалыматтарга караганда аталган 3 мыйзамдын долбоору негизинен даяр. Министрликтерден бир нече сунуш түшүп, кайчы пикирлер да чыгып, азыр юридикалык бөлүм мыйзамды биротоло бүтүрүүнүн үстүндө иштеп жатат. Премьер-министр да өкмөт мүчөлөрүнөн кандай гана болбосун март айында долбоорду Жогорку Кеңешке өткөрүп берүүнү талап кылып жатат:

- Март айында ал мыйзамдарды өткөрбөсөк, транш албай калабыз. Же ал артка жылдырылат. Бизге артка жылдыруунун кереги жок. Биз траншты апрель айында алгыдай болушубуз керек. Аткарбасак, айрымдардын баштары учуп кетиши мүмкүн, - деди Николай Танаев Дүйнөлүк банктын бул акчасынын өлкө үчүн маанилүүлүгүн көрсөтүп.

XS
SM
MD
LG