Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

КЫРГЫЗСТАНДЫК ҮЧ БАЛБАН БАКТЫСЫН АФИНАДА СЫНАШАТ


Афина олимпиадасына эркин күрөш боюнча мыктыларды иргеп алып, жолдомо берүүчү эларалык мелдештер Болгария жана Словакияда аяктап, кыргызстандык балбандардан олимпиадалык таймашка катышууга эки спортчу укук алышты.

Словакиянын Братислава шаарында өткөн эларалык Гран-при мелдешине Кыргызстандан 4 балбан барышкан. Ушул мелдеште жеңгендерге Афина олмипиадасына катышуу укугу берилмек. Ошондуктан бул таймашка дүйнөнүн 60 өлкөсүнүн тандалган балбандары катышып, күч сынашты. Мөрөй талашуу курч болду. Мелдештен кийин балбандар кыргыз жергесине келип, жол чыгымын тартып убара болушпай, 10 күндөн кийин Болгарияда болчу эларалык турнирге катышуу үчүн София шаарына барууну ылайык көрүшкөн. Мындай аракет туура жыйынтык берип, 7-8 өлкөнүн балбандары менен бирге машыгууларды өткөрүп, чеберчилик жогорулады.

Софиядагы эларалык Гран-при мелдеши Афина олимпиадасына жолдомо берүүчү акыркы мелдеш болгондуктан курч мүнөзү менен айырмаланды. Кыргызстандык жигиттерден 55 кг. салмакта Тууганбай уулу Уларбек негизги таймашта литвалык атаандашына бир упайга алдырып коюп, олимпиадага жолдомо албай калды.

Өлкөнүн 74 кг. салмактагы чемпиону Мирлан Молдалиев да мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып, акыркы 20 секунда бир упай айырма менен германиялык балбанга утулду. Ал эми Азия чемпионатынын 84 кг. салмак боюнча жеңүүчүсү болуп жүргөн Алмаз Эргешов чучукулак кармаганда индиялык күчтүү балбанга туш болгон. Алмаз да жаштык кылып, тажрыйбалуу атаандашына алдырып койду.

Ишенген үч шакирти “санааркап жатып, байгеге илинбей калганын” баамдаган өлкөнүн башкы машыктыруучусу Кенжебек Өмүралиев кийинки эки балбанды психологиялык жактан чыйралтып, намысын козгоду. Натыйжада 96 кг. салмак боюнча Кыргызстандын намысын коргоп келаткан, Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн 14-Азия оюндарында күмүш байгенин ээси Алексей Крупняков бардык атаандаштарын утуп, эларалык Гран-при мелдешинин баш байгесине татыктуу болду. Ошентип Алексей Афина олимпиадасына барууга жолдомо алды.

Белгилүү устат Кенжебек таптаган 120 кг. салмактагы балбан Юрий Мелзихов да ушул эларалык Гран-при мелдеште Афина олимпиадасына жолдомо утуп алды.

Ошентип Афина олимпиадасында эркин күрөш боюнча Кыргызстандан үч балбан намыс талашат. Жаңыдан жолдомо алган эки балбан жөнүндө учкай айттык. Үчүнчүсү-жаштар арасында дүйнө чемпиону, 14-Азия оюндарынын коло байге ээси Надырбек уулу Улан экенин эске салалы. Ал өткөн жылы Нью-Йорк шаарында болгон дүйнө чемпионатында Афина олимпиадасына катышууга жолдомо алган. Мурда күнү Улан өткөн жылдын мыкты спортчусу аталды.

Алдыдагы олимпиадалык таймаштарга кандай даярдык көрүп жаткандыгы тууралуу жаштар арасында дүйнө чемпиону Надырбек уулу Улан буларды айтып берди:

- Даярдык дурус эле. Олимпиадага чейин дагы 3-4 мелдешке барып, негизги атаандаштарды байкап көрүш керек. 7-мартта Түркиядагы эларалык мелдешке барганы жатабыз. Анан Орусиядагы, Казакстандагы турнирлерде дагы күч сынашып көрөбүз. Иранда эркин күрөш боюнча Азия чемпионаты өткөрүлөт. Бул дагы даярдыктын бир этабы болмокчу.Эң негизги максат-Афина олимпиадалык оюндарында эли-журттун намысын татыктуу коргоо.

Үч балбандын чебердигин жогорулатып Афина олимпиадасына даярдык көрүү үчүн кандай мелдештерге баруу зарылдыгын башкы машыктыруучу, өлкөгө эмгек сиңирген устат Кенжебек Өмүралиев мындайча билдирди:

- Балбандардын даярдыгы үчүн азыртан жакшы шарт түзүү зарыл. Атаандаштарын иликтеп, байкап көрүш үчүн 4-5 эларалык мелдештерге алып баруу керек. Олимпиадалык беттешүүлөргө 5-6 ай калганда даярдык көрүү натыйжа деле бербейт. Бул үчүн 3-4 жыл үзгүлтүксүз камкордук көрүп, даярданса гана ийгилик болушу ыктымал. Спорттук медицина, балбандарды калыбына келтирүүчү борбор жана шарт түзгөн демөөрчүлөр болгондо гана балбандардын мүмкүнчүлүктөрү кенен ачылат. Өлкөбүздө машыгуу натыйжа бербейт, ошондуктан коңшулаш Казакстан, Орусиянын спорт борборлоруна баруу керек. Иранда өтчү Азия чемпионатына, Дагестандагы Али Алиевдин байгесине арналган мелдешке, Түркиядагы Гран-при турнирине баруубуз зарыл.

Учурунда Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, Европанын, дүйнөнүн биринчилигинин жеңүүчүсү болгон Кенжебек өлкөдөгү спорттук медицинанын чабалдыгын, спортчуну калыбына келтирүучү борбордун жоктугун, витаминдердин жетишсиздигин да айтып, Афинага даярдык көрүү ойдогудай болбой жаткандыгын белгиледи. Олимпиадалык таймашта ар бир салмак категориясында иргелген 20 балбан күч сынашат. Балким Кыргызстандык жигиттердин жылдызы да жанып, ийгиликке жетип калышы ыктымал.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG