Бээжинде бүгүн Түндүк Кореянын өзөктүк курал өндүрүү маселеси боюнча алты тараптуу экинчи жолугушуу аяктады жана сүйлөшүүнүн үчүнчү айлампасы эми июнда өткөрүлөт. Жыйынга АКШ, Жапания, Кытай, Орусия жана Түндүк менен Түштүк Кореянын өкүлдөрү катышты. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Лосюковдун айтымында, жыйында бул маселе боюнча бир нече жумушчу топ түзүү макулдашылды. Кытай тышкы иштер министринин орун басары Ваң Йинин айтымында, тараптар бир пикирге келе алган жок: АКШнын сунушу боюнча, Түндүк Корея өзүнүн бардык өзөктүк программаларынан баш тартыш керек жана бул жараян текшерилүүгө тийиш. Башка тараптар бул сунушту талкуулады, бирок андай баш тартуу кайсы деңгээлге чейин жетиш керек экени тууралуу бир пикирге келген жок.
Сүйлөшүүнүн биринчи айлампасы дагы Бээжинде август айында өткөн.
Сүйлөшүүнүн биринчи айлампасы дагы Бээжинде август айында өткөн.