Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:05

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВДИН "ЖООГАЗЫН ЫРЫ"


Акын Каныбек Иманалиевдин «Жоогазын ыры» аттуу китеби жарыкка чыкты.

Каныбек Иманалиевдин көркөм ой толгоолору, ырлары республикалык гезит-журнал беттеринен окурмандарга белгилүү. «Жоогазын ыры» аттуу алгачкы китебине мына ошол ой толгоолору, көркөм эсселери, «Жоогазын ыры» деген ашыглык баяны жана жаңы ырлары топтоштурулган. Каныбек Иманалиевдин көркөм окуусунда «Керемет өмүр» ырын тыңдайлы:

Кушту кара, куураган талда сайраган,
Кулдун дагы Кудайы бар жалгаган.
Кумурскалар чыгат бир күн төбөңө,
Кумурскалар бут алдыңда жайнаган.

Кууларды айтсаң, каргадан бийик учалган,
Сууларды кечтик, булгаган сайын тунарган.
Сулууну көрүп, суусун ичтик колунан,
Сулууну кара, сук арткан сайын суналган.

Тоолорго чыксаң, жеткизет сени Теңирге,
Каякка барба астыңда дайым жол белен,
Канкорду да койнуна алып батырган,
Касиетиңден каралдым кара жер кенен.

Күн улук дейм, баарына тегиз чачылган,
Түн дагы айкөл, жылаңач калсаң жашырган,
Көк асман болсо Көк Теңир толо эркиндик,
Гүлдөрдү нетем, мүрзөгө өсүп ачылган?

Бул күндөрдү көрбөй калуу кандай арман,
Баркына жетпей жашоо андан арман,
А өлүм бар экени жалган болсо,
Ата-бабаң кайда кеткен, кайда калган?

Акындын ырларынан, көркөм баяндамаларынан жөнөкөйлүктү, сөз менен көркөм сүрөт тартуудагы чынчыл нукуралыкты белгилөөгө болот. Кыргыз элинин эркиндигин коргоп жатып Эне-сайда 711-жылы курман болгон Барсбек баатырдын арманын угалы:

Кош бол шамал, Ысыккөлгө жете бар,
Ала тоодон күткөн чыгар аталар,
Элге мени айта көрбө өлдү деп,
Эрдигимди эртең бирөө кайталаар…

Кош Эне-сай, эр Манасты көргөн жер,
Кош, эсен бол, эркин өскөн эрменбер,
Кыргыз демин жер алдынан сезсек дейм,
Кыргыз жерин коргоп жатып өлгөндөр.

Кош комузум, көкөй кесип муңдаган,
Кош Алтын көл, көз-жаш болуп жылгаган,
Элим сендей эркин болсо дечелем,
Кош ак шумкар эркин учуп жыргаган.

Кош жылдыздар, бакыт издеп мен көргөн,
Кош ыйык журт, Алтын Бешик термеген,
Кош улуу Күн, сен сүйүп жүр элимди,
Кош ак таңдар, эми сени мен көрбөйм.

Кош улуу тоо, карегимде карааның,
Бала болуп, кызыгыңа канбадым,
Ата болуп татпай турмуш таттуусун,
Тамызгыдай күйүп барат кан-жаным.

Көздөн учуп, көктөн учуп көктөмдөр,
Мен жокто да, сен аман бол өскөн жер,
Калпак баштан, намыс колдон түшпөсүн,
Кыргыз барын сезип турсун асман-жер.

Каныбек Иманалиевдин «Жоогазын ыры» китебинде кыргыз мудариси Кусейин Карасай уулу, акындар Алыкул менен Турар тууралу, кино жана сахна жылдыздары Сүймөнкул, Таттыбүбүлөр жөнүндө көркөм эсселер да басылган. Ошондой эле «Жоогазын ыры» ашыглык баянында мындан бир кылым Мекеге ажылык сапарга аттанып, жолдо араб шейхине аял болуп бараткан кыргыз кызына ашык болуп калган Калтегин аттуу кыргыз жигиттин армандуу махабаты баяндалат. Каныбек Иманалиевге оюнда дагы кандай чыгармаларды жазуу бар экенин сурап кайрылганыбызда:

- Чыгармачылык эми тоого, табиятка эс алганы чыкканда, же жолдо баратканда жаралат. Көкүрөктө багылып жүргөн ойлор бар, бирок аны азыр ачыкка чыгаралбайм, - деди акын Каныбек Иманалиев.
XS
SM
MD
LG