Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:30

ОРУСИЯДАГЫ ТУКУМУ СООЛУП БАРАТКАН ЭЛДЕРДИН БИРИ - ЧУЛУМДАР


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияда 1992-жылы расмий түрдө жарыяланган маалыматка караганда, өлкөдө саны аз 63 этнос бар. Бул күндө алардын айрымдарынын тилдеринин жоголуп кетүү коркунучу күчөдү. Ошол себептүү аз сандагы элдерге карата мамлекеттик, илимий жана коомдук шашылыш көмөк издөө талабы менен БУУнун Башкы Ассамблеясы 1993-жылы 21-декабрда атайын чечим кабыл алган. Орусиядагы тукуму соолуп бараткан деп саналган калктардын бири - чулум эли.

Орусияда тукуму соолуп бараткан эл катары 1992-жылы расмий түрдө жарыяланган калктарды “улуттук азчылыктар” деп коюшат жана андай элдин ар биринин жалпы саны 50 миңден аз келет. Орусияда жоголуп бараткан 63 этностун ичинде түрк тилинде сүйлөгөн долган, куманды, тофа, тыва, төбө-төжүн, челкан, чулым (чулум), шор элдери бар. “Азаттык” буга дейре тофалардын азыркы абалы туурасында айтып берген, бүгүн чулумдардын акыбалы жөнүндө кеп курмакчыбыз.

Сибирдеги Том облусуна караштуу Төгүлдөт (Тегульдет) районунун тургуну, өз кошуналары “Миша ага” деп коюучу чулум карыя “Азаттыкка” өз элинин жазмыштуу тагдыры тууралуу өз эне тилинде мындай деп айтты:

- СССР кезинде биздин элдин кишилерин курутушкан. Орус келгенде, оболу алар чулум тилин үйрөнүшкөн, эми биз түгөл орусча сүйлөйбүз.

Чулумдар өздөрүн үчүнчү жак менен:”үүс кижилер”, кыргызча айтканда ”өз кишилер”, же дагы башкача ”нестын кижилер”, кыргызча айтканда ”биздин кишилер” дешет.

Алар атам замандан жашап келген жери - азыркы орусиялык Сибир жеринин Том облусу менен Краснояр (Кызылжар) крайынын Чулум (Чулым) дайрасынын бою болгон.

Орусиялык басма сөз каражаттары (Намедни, 22.02.04) таркаткан маалыматка таянсак, азыркы тушта көзү тирүү чулумдардын саны - 463 киши жана алардын ичинен отузга чукулу эне тилинде эркин сүйлөй алышат.

Ушул күндөрү чулум этносун иликтөөгө алып, бул эл байырлаган жерлерде жүргөн Пенсилвания (Pennsylvania) университетинин профессору Давид Гаррисондун (David Harryson) пикирин угуп көрөлү.

- Тил жоголгондо, биз эмнени жоготконубузду толук аңдап биле албайбыз. Биз муну менен дээрлик бир элдин билим базасын бүтүндөй жоготобуз, - деди америкалык тилчи.

Андан аркы кебинде бул Пенсилвания университетинен келген түрколог-илимпоз чулумдар катлырган жомоктордун биринен үзүндү окуп берди. Аны кыргызчага которсок:

- Аңда турган багышты мылтык менен атты. Багыш канын сууга агызып качты...

Жомокторду жакында чулум жана англис тилдеринде китеп кылып чыгарууну көздөп жаткандыгын Гаррисон мырза кошумчалай кетти.

Орусия федерациясынын Ыраакы Чыгыш жана Сибир, алыскы түндүк аймактарында байырлаган аз сандагы элдеринин жамаатынын маалыматы боюнча, чулумдардын бир кыйласы пенсия же жөлөкпул алып жашашат. 126дай чулум өнөр жай ишканаларында же кимдир-бирөөлөргө жалданып иштешет. “Ишсиз жүргөн бир да чулум жок”, - делет бул маалыматта.
XS
SM
MD
LG