Сот дубалдын Иерусалим шаарынын түндүк-батышында, палестиндердин сегиз кыштагынын айланасындагы бөлүгүн курууну бир аптага токтотуу менен катар жөөт бийликтерине дубалдын мурда белгиленген багытын өзгөртүү маселесин кароону буйурду. Израил палестин жанкечтилеринин чабуулдарынан коргонуу үчүн деп куруп жаткан дубалдын узундугу 700 чакырымдан ашмакчы. Палестин тарап болсо Израилдин дубалды куруудагы башкы максаты - жер ээлөө деп эсептейт.