Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:58

Р. АМАНОВА "МЕН СЕНИ САГЫНГЫМ КЕЛЕТ" ЫРЫНЫН СЫРЫН АЧТЫ


"Ырдап кой" аттуу түрмөгүбүздүн кезектеги мейманы Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Роза Аманова. Ал "Мен сени сагынгым келет" аттуу ырынын жазылышы жөнүндө учкай ой бөлүшкөн.

- Роза айым, сизди угармандар ырчы, дастанчы катары эле эмес "Мен сени сагынгым келет", "Карлыгач", "Ынтымак", "Алатоо көрккө келбейт эл болбосо", "Ооган ыйы" аттуу жана башка ырларды жазган обончу катары да билишет. Бүгүнкү күндө жаштардын арасында элдик ыр шекилдүү ырдалып жүргөн "Мен сени сагынгым келет" аттуу ырыңыздын жазылышы, чыгышы жөнүндө ой бөлүшө кетсеңиз?

- Ырымдын жаралыш тарыхын айтуудан мурда жашоодогу сагынычтын ар кандай түрлөрү кезигээрин айта кетейин. Алыста жүргөндө туулган жериңди, элиңди, апаңды, атаңды, курбу-курдаштарыңды, балалык күндөрүңдү, эне тилиңди, ырларыңды, күүлөрүңдү сагынасың. Ал эми жашоодогу адамдардын бири-бирине болгон ашыктык сагынуусу өмүр бою коштогон керемет деп ойлойм. "Мен сени сагынгым келет" аттуу ыр да менин жан-дүйнөмдөн жаралган чыгарма. Бирөөнүн жан дүйнөсүнө кол салуу мамлекетке кол салуу менен барабар деген кеп айтылып келет. Себеби ар бир адамдын жан дүйнөсү да өзүнчө дүйнө. Анын өзүнүн бир мыйзамы, өзүнчө бир жашоодогу көз карашы, өзүнчө бир мамилеси, өзүнчө бир мамлекети бар деп ойлойм. Ошого жараша бул ыр да менин жан-дүйнөмдөгү бир сезимдерден келип чыккан чыгарма.
XS
SM
MD
LG