Жеңүүчүнү Голивуддун режисеру Стивн Спилберг жарыялады: - Оскар канча бир номинацияларды чып-чыргасын коротпой жеңил алган, Барри Осборн, Петер Женсон жана Фран Уалш койгон "Шакектин эгеси – Падышанын кайтышына ыйгарылат".
Толкиендин чыгармасы боюнча коюлган "Шакектин эгесинин" акыркы бөлүгү баш-аягы 11 Оскарды, анын ичинде "эң мыкты кинотасма" жана "эң мыкты режиссер" сыйлыктарын алды.
Мындан тышкары Шен Пенн - эң мыкты актер, Чарлиз Терон – эң мыкты актриса деп табылды.
"Желмогуз" фильминде флоридалык сойкуну ойногон Чарлиз Терон Оскарды алып жатып, көзүнө жаш алып, буларды айтты:
- "Шакектин эгесине" байланыштуу Жаңы Зелландияны алкашты. Мен болсо киндик каным тамган Түштүк Африканын элина алкыш айтам. Алар азыр баарын көрүп отурушат. Мен бул сыйлыкты келерки жумада мекениме алып кетем.
Канадалык француздардын "Варварлардын баскынчылыгы" аттуу комедиясы эң мыкты чет элдик тасма болуп калды. "Оскар" – АКШнын кино администрациясынын эң жогорку сыйлыгы болуп саналат.
Күндүзгү жаңылыктар топтомун даярдаган – Жаңыл ЖУСУБЖАН, Прага