Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:48

МИСИР АШЫРКУЛОВДУН ӨМҮРҮНӨ КОЛ САЛУУ ИШИНЕ БАЙЛАНЫШТУУ ТЕРГӨӨ АЯКТАДЫ


2002-жылы 6-сентябрда Коопсуздук кеңештин катчысы Мисир Ашыркуловдун өмүрүнө кол салуу аракети жасалган. 2003-жылдын 27-июнунда автокырсыкка байланыштуу бир адам кармалып, иликтөөнүн жүрүшүндө анын Ашыркуловго кол салууга байланыштуу кылмышка тиешеси бардыгы тууралуу маалымат пайда болгон. Ал эми шектелген адамдын адвокаттары тергөөнүн жүрүшүндө мыйзамдар жана кармалгандын укуктары одоно түрдө бузулганын жарыялашууда.

Өткөн жылдын 27-июнундагы автокырсыкка байланыштуу кармалган, учурда Ашыркуловдун өмүрүнө кол салган деп күнөөлөнүп жаткан жигиттин аты Таалай. Жашы 26да. Жогорку окуу жайлардын биринин студенти. Бирок автокырсык жасаган учурда академиялык отпускада болгон. Таалайдын адвокаттары Сергей Слесарев менен Валерий Паклиндин бүгүнкү маалымат жыйынындагы билдирүүсүнө караганда, Таалай 2000-жылдан баштап анаша, героин тартып, бирок тийиштүү дарылануудан кийин, автокырсыктын алдында андай адатын токтоткон. Ал эми абакта кармалган учурда кайрадан баңги затын пайдалана баштаган.

Адвокаттардын айтымында, Таалай 27-июнда кармалгандан кийин анын жана жакындарынын үйүндө мыйзамдын алкагында эмес тинтүү жүрүп, бирок бузук тапанча табылган.

Таалай алгачкы учурда Ашыркуловго кол салууга тиешеси бардыгын мойнуна алган. Бирок кийинки жазган түшүнүк катында аргасыздан мойнуна алганын жазган. Бул тууралуу адвокат Валерий Паклин мындай билдирди:

- Таалайдын айтымында, ал үй-бүлөсүн толук камайбыз дегенден чочулагандыктан жана баңги заттарына көз каранды болгондуктан, баңги зат бергени үчүн көрсөтмө, маалымат берген. Бирок азыр мына ошол көрсөтмөлөрүнөн баш тартууда.

Валерий Паклиндин айтымында, тергөөнүн жүрүшүндө мыйзамдардын бузулушуна байланыштуу адвокаттар тийиштүү органдарга 79 ирет арыз менен кайрылган. Алардын ичинен бир гана талап - Таалайды медициналык текшерүүдөн өткөрүү талабы канааттандырылган.

Ал эми тергөө ишин жүргүзгөн Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев адвокаттардын айыптоосун негизсиз, биз тергөөнү Кылмыш-жазык кодексинин алкагында жүргүздүк дейт:

- Мен айтып коюшум керек, бул иш боюнча жасалып жаткан ар бир кыймыл аракет, берилип жаткан маалыматтар өлкөнүн Кылмыш-процессуалдык кодексинин негизинде болуп жатты. Бизге кайрылган тараптын суроолоруна, арыздарына мыйзам чегинде жооп берип турганбыз.

Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, эми тергөө иши аяктады. Учурда анын материалдары менен шектелген адам жана анын адвокаттары таанышып жатат. Алар таанышып бүткөндөн кийин иш сотко өткөрүлүп берилет жана сот ага карата өз чечимин чыгарат. Бишкек милиция башчысынын айтымында, кармалган адамдын күнөөнү өз эрки менен мойнуна алгандан сырткары, анын бул ишке тиешеси бардыгын далилген фактылардын тизмеси бар жана ал 6 барактан турат.

Бирок ал сотко чейин далилдер, чакырылган күбөлөр жана ишке байланыштуу башка маалыматтар ачыкка чыгарылбасын да белгиледи.

Айта кетүүчү нерсе, Мисир Ашыркуловго кол салган деп шектелген адамга Кылмыш-жаза кодексинин беш беренеси боюнча, алардын ичинде 294-беренеде каралган мамлекеттик кызматкердин өмүрүнө кол салуу, 241-беренедеги мыйзамсыз курал алып жүрүү боюнча күнөө коюлууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG