Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

ИРАКТЫК КҮРТТӨР ЭГЕМЕНДИК КӨЗДӨП ЖАТЫШАТ


Дүйшөмбүдө Ирактын Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү убактылуу конституция боюнча мунасага келишти. Кызуу талаш тутанткан күрт автономиясынын статусу болочок улуттук ассамблеянын кароосуна калтырылды. Мындай чечимди ирактык күрттөр дурус деп баалап жатышат. Бирок күрттөрдүн макамы Ирак федерализминин эң татаал маселеси бойдон кала берүүдө.

Күрттөр Ирактын жалпы калкынын 20 пайыздайын түзөт. 1991-жылдан бери алар өлкөнүн борбордук бийлигине иш жүзүндө баш ийбей калган. Перс булуңундагы биринчи согуштан кийин күрттөр өз өкмөтүнө, куралдуу күчтөргө жана эгемен мамлекеттин башка атрибуттарына ээ боло баштаган.

Ирактын убактылуу конституциясы боюнча күрттөрдүн автономиясы сакталып кала берет. Чөлкөмдүн статусу жөнүндөгү соңку чечим келечекте кабыл алынмакчы.

Негизги талаш эки маселеге байланыштуу келип чыкты. Биринчиден, чөлкөмдүн чегарасы кантип аныкталууга тийиш? Экинчиден, күрттөрдүн куралдуу күчтөрүнүн же “пешмергалардын” келечеги кандай болот?

Башкаруу кеңешинин көз карандысыз мүчөсү, улуту боюнча күрт Махмуд Осман эки маселе тең азыркы шартта оңой чечиле калбайт деп эсептейт:

- Эки проблема тең сакталып кала берүүдө, анткени алар коопсуздук маселесинин бир бөлүгү. Коопсуздук болсо өз кезегинде америкалык коалициянын саясатына түздөн түз байланыштуу. Америкалыктардын өз саясаты бар. Аны биз үчүн өзгөртө коюшпайт. Келечекте эки маселе тең талкууланып, акыры жөнгө салынат. Документ кабыл алынганына мен кубанычтуумун.

Анын ырастоосунда, пешмаргалар жөн эле куралчан топтор эмес, алар - улуттук армия. “Күрттөрдүн кошуундары мындан 50 жылдай илгери эле бар болчу, аларды куралсыздандырып, үйлөрүнө таркатып жиберүү мүмкүн эмес”, - деп кошумчалайт Махмуд Осман.

“Пешмаргаларды Ирактын туруктуу армиясынын бир бөлүгүнө айландырса болот, айрымдарын полициянын курамына да кошуу мүмкүн. Же болбосо аларга чегара кайтаруу милдетин да жүктөсө болот”, - дейт Осман.

Чегараны аныктоо болсо алда канча таталыраак. Күрттөр Киркук шаарынын айланасындагы мунайга бай чөлкөмдү өз автономиясына кошуп алууну көздөшөт. Буга аймакта жашаган түркмөндөр менен арабдар каршы.

Күрт активисттери автономиянын макамы боюнча референдум өткөрүүнү талап кылган петицияга 1 жарым миллиондон ашуун кол чогултушканын айтышууда. Анын уюштуруучулары “чөлкөм эгемендүү болушу керекпи же Ирактын федералдык бөлүгү бойдон кала берсинби?” - деген суроону күрттөр өздөрү чечүүгө тийиш деп эсептешет.

Күрт саясий эксперти Фуад Хусейндин пикиринде, азыркы жагдайда Башкаруу Кеңеши күрт автономиясы боюнча эң туура жолду тандады.

- Мен муну жеңиш катары эмес, реалдуу чечим деп баалар элем. Менимче, талкууларга катышкан күрт лидерлери да ушундай эле ойдо.

Ал алдыда айтылган Киркуктан тышкары Мосул шаары да талашка түшүшү ыктымал деп түкшүмөлдөйт. Хусейн чегараны аныктоодо чоң ролду акча ойной турганын да кошумчалайт.

Күрттөрдүн автономияга, эгемендүүлүккө карай умтулуусу чөлкөмдөгү ансыз да татаал саясий кырдаалга залака тийгизиши ажеп эмес.
Бул маселе күрт тегиндеги калкы көп кошуна өлкө Түркияны өзгөчө санааркатып жатат. Лондондук эксперт Али Реза Нуризаде, мисалы, Анкара күрттөргө автономия макамын бербөө үчүн бар күчүн жумшайт деп эсептейт. Иран менен Сирия да бул маселеге кайдыгер эмес. Себеби, аларда да көп сандаган күрттөр жашайт.

XS
SM
MD
LG