Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:30

Баткен жана Согду облустарынын жетекчилери жолугушмакчы


БАТКЕН. 4-мартта Тажикстандын Хожен шаарында коңшулаш Баткен жана Согду облустарынын жетекчилеринин жолугушусу болот. Баткен облустук акимчиликтен 2-мартта алынган маалыматка караганда, жолугушуу тажик тараптын демилгеси менен уюштурулууда. Эки өлкөнүн коңшулаш Баткен жана Согду облустарынын жетекчилеринин бул жолугушуусунда негизинен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана коңшулаш жашаган кыргыз, тажик элдеринин достугун бекемдөө маселелери жөнүндө сөз болот. Жолугушууга облус жетекчилеринен сырткары эки облустун чектеш жайгашкан район, шаарларынын башчылары да катышуусу күтүлүүдө.

Кабарлар топтомун Азиза Турдуева, Аманбек Дилденбай жана дубандардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG