Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:23

«ОШТВ» телекомпаниясында түзүлгөн кырдаал кандай?


ОШ. Оштогу көз карандысыз телеканалдын директору Халил Кудайбердиевдин билдиргени боюнча, үстүбүздөгү жылдын 25-февраль күнү ага мамлекеттик байланыш агенттигинен кат келген. Анда 2004-жылдын 25-мартында телекомпанияга берилген лицензиянын мөөнөтү бүтөөрү жазылган. Буга байланыштуу аталган телекомпания 25-марттан кийин азыркы чыгып жаткан бешинчи агымдан өз берүүлөрүн бере албай калат. Катта бул агымдан телеберүү Оштун айрым аймактарына мамлекеттик радионун жетпей калышына алып келет. Ошондуктан 25-марттан тарта "Ош ТВ" телекомпаниясы өз берүүлөрүн дециметр толкунундагы 23-агымдан берүүгө тийиш деп билдирилген. Аталган телекомпаниянын жетекчиси Халил Кудайбердиевдин сөзү боюнча, дециметр толкунундагы 23-агымга которулуу көп убакытты жана чыгымды талап кылат жана бул сөз эркиндигине бут тосуу болуп саналат.

Маалыматтар боюнча, 23-агымга өтүш үчүн 42 миң доллар жана жок дегенде 2 жыл убакыт керек.

XS
SM
MD
LG