Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Москвада КМШнын диний уюмдарынын башчыларынын жыйыны башталды


БИШКЕК. Бүгүн Москвада КМШ өлкөлөрүнүн диндер аралык экинчи форуму башталды. Үч күнгө созула турган бул форумдун негизги максаты - шериктештиктин алкагында диний уюмдардын ишмердүүлүгүн координациялоо, улуттар аралык ынтымактыкты чыңдоого көмөктөшүү болуп эсептелет. Кыргызстан мусулмандарынын муфтиятынан «Азаттыкка» маалымдашкандай, жыйында КМШ өлкөлөрүнүн диндер аралык кеңешинин түзүлүшү күтүлүүдө. Кыргызстандан форумга муфтий Мураталы ажы Жуманов катышууда. Шериктештиктин диндер аралык биринчи форуму 2000-жылдын ноябрь айында Москвада өткөн.

XS
SM
MD
LG