Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

М.Ашыркуловдун өмүрү жана адвокаттын айткандары


БИШКЕК. Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловдун өмүрүнө коркунуч туудурган деп шектелип, кармалган 27 жаштагы Таалай аттуу жигитке айып мыйзам бузуулардын чегинде тагылган. Бул тууралуу айыпталуучунун адвокаттары Сергей Слесарев жана Валерий Паклин бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Адвокаттардын айтымында, айыпталуучуга тергөө учурунда психикалык кысым жана күч колдонулуп, күнөөнү мойнуна алганга мажбур кылышкан. Ага автоунаа менен киши койдуруп кеткен, ок атуучу курал каткан жана мамлекеттик ишмердин өмүрүнө коркунуч туудурган деп айып коюлуп, кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Айыпталуучу Чымкоргон психиатриалык ооруканасына мыйзамсыз жаткырылган деген пикирлерин билдиришти адвокаттар. Ал эми ички иштер министринин орун басары Кеңешбек Дүйшөбаев ушул эле күнү маалымат жыйынын өткөрүп, адвокаттардын айткандары негизсиз деп билдирди. Айыпталуучу Таалай аттуу жигит өткөн жылдын 27-июнунда кармалган. Эскерте кетчү маалымат - 2002-жылдын 6-сентябрында Мисир Ашыркуловго эки граната ыргытылып, андан коопсуздук катчысы жаракат алган.

XS
SM
MD
LG