Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

«Өкмөт жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо улантылды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында депутаттар «Өкмөт жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоону улантышты. Депутаттар мыйзам долбооруна ылайык өкмөт түзүмү боюнча 5-беренени эч кандай каршылыксыз эле кабыл алышты. Өзгөчө талаш-тартыштарды мыйзам долбоорунун Кыргыз өкмөтүнүн курамы тууралуу 6-беренеси жана Кыргыз Республикасынын премьер-министрин дайындоонун тартиби тууралуу 7-беренеси пайда кылды. Палатанын депутаттарынын негизги бөлүгү бул берене боюнча комитет тарабынан толуктоолор киргизилип кайрадан иштелип чыгышын сунуш кылышты. Ал эми мыйзам долбоорунун 8-беренеси боюнча премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрүнүн ант бериши эски редакцияда калсын деп сунушташты. Буга депутат Алымбай Султанов антты башкача редакциялап, өкмөттүн жоопкерчилигин күчөтүүнү, ал эми депутат Исмаил Исаков антты бузгандыгы үчүн ар бир өкмөт мүчөсү кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керектигин сунуштады. Палата мыйзам долбоорун талкуулоону бейшемби күнү улантат.

XS
SM
MD
LG