Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Кыргызстандын тышкы карызынын бир бөлүгү кечирилиши мүмкүн


БИШКЕК. Эларалык валюта корунун жакырчылыкты кыскартуу жана экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү программасы кыргыз өкмөтү тарабынан ийгиликтүү аткарылса гана тышкы карыздын бир бөлүгү Париж клубу тарабынан реструктуризацияланат. Бул тууралуу бүгүн Эларалык валюта корунун миссиясынын жетекчиси Тапио Саавалайнен Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев менен болгон жолугушууда маалымдады. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, Париж клубу тарабынан ушул жылдын аягында же 2005-жылдын башында Кыргызстандын 1 млрд 600 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү тышкы карызынын ичинен 350 млн. АКШ доллары кечирилиши мүмкүн. Буга чейин Эларалык валюта корунун талаптарына ылайык Салык кодексине бир катар өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Жолугушууда тараптар Эларалык валюта кору менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

XS
SM
MD
LG