Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

Газа тилкесинде дагы үч киши окко учту


Израилдин армиясы Газа тилкесинде көчөдө бараткан машинаны атып, үч кишини өлтүрдү. АФП агенттиги билдиргендей, "Хамаз" тобу курмандыктар өз мүчөлөрү экендигин бышыктады. Мунун алдында Израилдин Борбордук статистика бюросу палестин жерлеринде жөөттөрдүн айылдары көбөйүп жаткандыгын маалымдаган.

Бюронун маалыматына ылайык мындай айылдар өткөн жылы 35 пайызга өскөн. Бул аймактарда былтыр 1369 үй курулса, быйыл 1850 үйдүн кышы коюлду. Ошол эле убакта Израилдин өзүндө турак-жай курулушу 2003-жылы сегиз пайызга азайган.

Өткөн айда Израилдин парламенти өлкөдө кирешеси төмөн бүлөлөр үчүн үй курууга бөлүнгөн 20 миллион долларды палестин жерлериндеги жөөт айылдарына сарптоого чечим кылган.

XS
SM
MD
LG