Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Непалда козголоңчулар өкмөттүн 21 аскерин атып өлтүрүштү

Непалдын чыгышында жүздөгөн маоист козголоңчулар телебайланыш борборуна кол салышты. Бул - козголоңчулардын тынчтык сүйлөшүүсү август айында үзгүлтүккө учурагандан кийинки эң ири чабуулу болуп калды.

Мурдагүнү кечиндеги чабуулда козголоңчулар канча кишисинен айрылганы маалым эмес. Коммунистчил козголоңчулар падышачылык түзүлүшкө каршы көтөрүлгөн 1996-жылдан бери 9 миңге жакын кишинин өмүрү кыйылды.
XS
SM
MD
LG