Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:34

«СИБИРЬ- КЫРГЫЗСТАН» КӨРГӨЗМӨСҮ, КАНАДАЛЫКТАР ЭМНЕГЕ КЫЗЫГЫШАТ? ЖАЗУУЧУЛАР МАЙРАМЫ


Шаршембиде окурмандар “Вечерний Бишкек”,”Адабий гезит”, «Московский комсомолец-Кыргызстан» жана “Аргументы и факты-Кыргызстан” басылмалары менен таанышты. Бул жолу гезиттер Орусия-Кыргызстан кызматташтыгы, жазуучулар союзунун иш- аракеттери, 8-март майрамы жана орус тилине арналган эларалык конгресс тууралуу жазышты.

Шаршембиде жарык көргөн «Московский Комсомолец Кыргызстан» басылмасы 2-мартта Бишкекте ачылган «Сибирь-Кыргызстан-2004» эларалык өнөр жай көргөзмөсү жана жалпы эле орус-кыргыз кызматташтыгы тууралуу жазды. «Орусиялык тарап илимий-техникалык кубаттуулугун көрсөтүп, жылуулук-энергетикалык жабдууларды, электротехникаларынын жаңы үлгүлөрүн тааныштырса, Кыргызстан тарап эл чарба товарларын, дары- дармегин, туризм тармагындагы мүмкүнчүлүгүн жана «А27 МС» учагын көрсөтүштү. Ишкерлердин иштиктүү жолугушуулары болуп, келишимдер түзүлүүдө. Конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө көргөзмөнүн алтын медалы тапшырылат» дейт кабарчы Ирена Байтанаева.

Ушул эле басылма «Кумтөр» компаниясы уюшулгандан бери иштеп келаткан Эркин Казакбаевдин бейнесин ачып берди. «Бул компанияда иштеген канадалыктар кыргыздардын шырдак, килемине, кол өнөрчүлүгүнө кызыкса, кийинчерээк кулжанын, текенин мүйүздөрүн, кой-эчкинин иштетилген терисин көбүрөөк алып жатышат. Анан дагы Бишкектин "Шампанвинокомбинатында" даярдалган кыргыз шампандарын жактырышат. Эски заманды эске салган төш белгилерди, медаль, тыйындарды коллекция катары чогултушат» деп жооп берет Эркин Казакбаев кабарчынын суроосуна.

3-март - Бүткүл дүйнөлүк жазуучулардын күнүнө карата - «Московский Комсомолец-Кыргызстан» басылмасынын кабарчысы Лира Бостонкулова өлкөнүн жазуучулар союзунун вице-президенти Маркабай Аматов менен маектешкен. Анда Борбор Азия өлкөлөрү менен бирдикте «Азия үнү» адабий журналын, «Баарыбыз Азиянын балдарыбыз» деген жаштар жыйнагын чыгарып жатышкандыгын, Белорусиянын «Дүйнөлүк адабият» журналы бир санын Кыргызстанга арнаганын, жазуучулардын жаңы толкуну таанылып келатканын, союзга 450 адам мүчө экенин жана жазуучулар да кыйынчылыктарды баштан кечирип жатканын айтат Маркабай Аматов.

Ушул эле гезитте дагы бир макала жарыяланды. Японияда 8-март аялдардын майрамы катары таанылбаса да 500 жылдан бери 3-март кыздардын майрамы катары белгиленип келатканын Кыргыз жергесинен бактысын таап, иштеп жаткан Ито Хронори мырза айтып, кыргыз кызы Айзада менен болгон үй-бүлөөлүк ынтымагы жөнүндө баяндайт.

Шаршембиде жарык көргөн “Аргументы и факты” жумалыгынын Кыргызстандагы тиркемеси 8-март майрамына арналды. Анда Ысыккөл обулусунун губернатору Токон Шайлиеванын бейнеси ачылып, анын ишмердүүлүгү жөнүндө сөз болот.

Ушул эле басылманын билдиргенине караганда, Токмоктун айланасындагы 30 чарчы километр жер сазга айланып баратат. Аны алдын алуу иш- чараларына өкмөт каражат берелек деп жазат кабарчы Светлана Чернова.

3-марттагы «Вечерний Бишкек» басылмасы 4-мартта Бишкекте“ "Орус тили - шериктеш өлкөлөрдөгү калктын кызматында” эларалык конгресси ишин баштаарын, анда кандай маселелер каралаарын билдирди. “Кыргыз жана орус тилин бири-бирине карама-каршы коюга болбойт. Биринин эсебинен бирин өнүктүрүү да туура эмес. Алар бири-бири менен тең укуктуу. Алардын жардамы менен эки элдин маданий байлыгы гана байыйт” дейт Кыргыз-Славян Университетинин доценти Валентина Озмитель.

Бейшембиге басууга даярдалып жаткан «Общественный рейтинг» жумалыгында кандай макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу кабарчысы Канат Деркембаев буларды айтып берди:

”- Кыргызстанга эркин экономикалык аймактарды ачуу эмне пайда берди? Буларга жоопту биздин басылмадан окуй аласыздар. Өлкөдөгү билим берүүнүн деңгээлин, сапатын кандайча жогорулатууга болоору тууралуу билим берүү министринин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова айтып берет. Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин «Өрүк токоюндагы элес» аттуу повестинен үзүндү жарыялап жатабыз.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG