БИШКЕК. Кыргызстан өткөн жылга салыштырганда өнөр жайынын өнүгүш деңгээли боюнча башка КМШ өлкөлөрүнө караганда эң төмөнкү орунда калган. Бул тууралуу Көз каранды эмес өлкөлөрдүн шериктештигине кирген өлкөлөрдүн мамлекеттер аралык статистикалык комитети тараткан маалыматта көрсөтүлгөн. Маселен, өткөн жылдын январь айына салыштырганда Украинанын өнөр жайы 16%, Грузияда 14,4%, Беларуссияда 11,3%, Орусияда 7,5%, Тажикстанда 4,7%, ал эми Кыргызстандын өнөр жайындагы өсүш 2,7% гана жогорулаган.