Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

ЕККУнун ички иштер министрлигин колдоо долбоорунун бет ачары болду


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө ЕКК уюмунун Кыргызстандын ички иштер министрлигин реформалоого багытталган долбоорунун бет ачар аземи өткөрүлдү. Ага ЕКК уюмунун төрагасынын полиция кызматы боюнча кеңешчиси Ричард Монк катышты. 2003-жылдын 7-августунда кыргыз өкмөтү менен ЕККУнун ортосунда макулдашуу түзүлгөн. Макулдашууда ЕККУ Кыргызстандын ички иштер министрлигин реформалоого багытталган долбоорго 3 миллион 800 миң евро бөлөөрү белгиленген. Аталган долбоордун алкагында, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө балдар психологиялык борбору ачылып, ички иштер бөлүмүнө 20 компьютер сатылып алынгандыгы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG