Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өттү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи отуруму өткөрүлдү. Жыйынга Тажикстандын биринчи вице-премьер-министри Ходжи Акбар Турджанзода жана Кыргызстандын вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов төрагалык кылышты. Отурумда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, суу-энергетика, транспорт жана Тажикстанга көп жылга ижарага берилип, 2002-жылы кайтарылып алынган Ош облусунун Алай районуна караштуу Сарымогол айлынынын тургундарына жардам берүү маселеси каралды. 70 миң гектар жери бар Сарымогол айылы мындан бир нече жыл илгери Тажикстанга ижарага берилген. Өткөн жылы кыргыз өкмөтү ижаранын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу Сарымогол айылы кайтарылып алынгандыгын маалымдаган. Жыйында аталган айыл тургундарын Тажикстандын каттоосунан чыгарып, Кыргызстандын атуулдугун берүү маселеси макулдашылды. Жыйын соңунда эки тараптуу макулдашууларды аткаруу боюнча протокол кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG