Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

ШАЙЛООГО БИР ЖЫЛ БАР, БИРОК ТАЙМАШТАР БАШТАЛГАН


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргызстанда парламенттик жана президенттик шайлоо 2005-жылы өтөт. Бирок ага карата даярдыктар, аракеттер эчак башталгандай. Коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдурткан алдыдагы шайлоого карата бийлик менен оппозициянын ортосунда тымызын таймаш башталганын байкоочулар да бышыктоодо. Ал эми карапайым калк каракурсагынын камын ойлоп, жазгы жумуштары менен алек.

2005-жылы өтүүчү парламенттик жана президенттик шайлоолор мөөнөтүнөн эрте эмес, өз учурунда өтөөрүн эки-үч курдай мамлекет башчысы Аскар Акаевдин айтканы коомчулукка маалым. Бирок ага карабай шайлоого карата аракеттер, таймаштар эрте башталганын бийлик тарап да, оппозиция өкүлдөрү да айтып келет. Бийлик шайлоого карата аракетти оппозиция биринчи баштады десе, оппозиция бийликти айтат. Ошентип эксперттер эскерткендей алдыдагы шайлоо бир топ курч мүнөздө өтчүдөй түр ала баштады.

Коомчулукта да алдыдагы шайлоо боюнча эки түрдүү пикир өкүм сүрүп келет. Айрым иликтөөчүлөрдүн ырастоосуна караганда алдыдагы шайлоо өлкөнүн келечек тагдырына олуттуу өзгөртүү киргизе алат, же буга чейин кандай болсо ошол калыбында кала берет. Ал парламентке келүүчү депутаттарга жана мамлекет башына келе турган адамга байланыштуу. Бул айрым иликтөөчүлөрдүн пикири.

Ал эми реалдуу турмушта шайлоого даярдык жана аракеттер башталганын жер-жерлерден телефон аркылуу кайрылган угармандар да бышыктап жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткенден телефон аркылуу кайрылган облустук кеңештин депутаты Алтымышев Амиракундун айтканына кулак салалы.

- Азыркы кыргыз бийлиги башка партияларды, топторду, кыймылдарды токтотуп, жолун тосуп өзү тымызын келерки шайлоого, президенттик шайлоого даярданып жатканы белгилүү болууда. Бул даярданып жатканы президенттин элди акыркы кыдыруусунан, ошондой эле «Алга, Кыргызстан» жана «Дыйкандар» партиясын бийликтин күчү менен жандандыруудан, күчтөндүрүүдөн байкалып жатат. Бийликтин ою боюнча бардыгын Орусиядагыдай уюштуруп, келерки парламенттик шайлоодо абсолюттук көп добушту алуу болуп эсептелет. Оруссия бизге үлгү болбош керек. Бийлик муну түшүнүш зарыл.

Шайлоого даярдыкты, алгачкы аракеттерди оппозиция тарап баштаганын, «мына ушундай максат менен оппозиция өкүлдөрү эл аралап келсе, аларды жакын жолотпогула» деген пикирин жыл башында облустарды кыдырган учурунда мамлекет башчысы бир нече жолу кайталаганы коомчулуктун эсинде. Бирок оппозиция өкүлдөрү шайлоого карата алгачкы аракеттер бийлик тарабынан башталганын, оппозиция кечиккенин кеп кылууда. Мына ушундай пикирди студияга жакында келип маек куруп берген учурунда «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев да айтты.

- Биринчиден, шайлоолорго, өзгөчө президенттик шайлоого аракетти Акаев өзү баштаган. Эсиңизде бекен өткөн жылы 27-сентябрда ишкерлердин курултайында президиумда отуруп "урматтуу Аскар Акаевич сиз жок болсоңуз биздин көрөр күнүбүз бүтөт, сиз 2010-жылга чейин отуруп бериңиз" дегенде дагы кыңк деп эч нерсе айтпай, ушунчалык ыраазы болуп күлүп-жайнап отурган. Парламенттин 80 пайызына чейин алабыз деп бүт баардыгы буларга тымызындан иштеп атат. Ошол эле Акаевдин үй-бүлөсүнө түздөн түз тиешеси бар 5-6 партия бар. "Алга, Кыргызстан" дейбизби. Демек, алар биригип шайлоолорго даярдана баштады. Шайлоолорго даярдыкты эрте ким баштаган? Биз эмес. Биз кеч баштап атабыз.

Ал эми мамлекет катчы Осмонакун Ибраимов президенттин эл кыдыргандагы сөзүн кайталап, «ким шайлоого байланыштуу эл арасында үгүт иштерин жүргүзүү максатында элди кыдыра баштаса аларды жакын жолотпогула» деген пикирде:

- Менин пикирим ушул - "чабал өрдөк эрте учат" болбойлу. Анан эмитен чурулдап, эмитен мени шайлагыла, мен мындаймын, тигиндеймин деп калп эле элдин тынчын алгандын кереги жок. Эгерде элге жакындан жардам берип колунда акчасы же каражаты, же башында жакшы ою, сөзү болсо анда аны менен сүйлөшсө болот. Калгандардын бардыгын жакын жолотпош керек. Кубалаш керек мындайча айтканда. Биздин оюбуз ушундай.

Ошентип келерки жылы болуучу парламенттик, андан кийинки президенттик шайлоого карата даярдыктар, аракеттер, таймаштар эрте башталганын талдоочулар да моюнга алышууда.

XS
SM
MD
LG